№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу: Депутаттыкка талапкерликке беш арыз түштү  

  • 1 месяц мурун

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 14-мартка карата жеке ишкерлер Бадалов Ганишер, Турдубек Орунбаев, пенсионер Бакир Бакытбек, «Евразия Строй Групп» компаниясынын директору Сталбек Ажимаматов,  депутаттын жардамчысы Илимбек Кубанычбеков депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирди.    

Бул тууралуу БШК маалымдады.

 №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, ал округдарда шайлоо жарыяланды.  Аталган округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.  

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Сүрөттө: БШК имараты. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты