75чилердин каты: Сот иши улантылууда

Бүгүн, 27-августта, Бишкек шаардык сотунда “75чилердин иши” боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттун имаратына кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев автоунаа менен киришти. Сот отурумуна келген мурдагы вице-премьер министр Токон Мамытов “75чилердин” катына кол койбогонун айтты.

Буга чейин сот иши 17-августта жана 24-августта жылдырылган.

13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча аппеляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.   

2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.

Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.

Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган.

24-августта “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунун ачылышында “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын бир тобу да барышкан.

Айрымдары укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бирге турганы талкуу пайда кылган. “75чилердин иши” боюнча соттук отурум бүгүн түштөн кийин да уланат.

Сүрөт: Мурдагы сот жыйындарынан. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты