Жактоочу Айткулов Камчыбек Ташиевди актоону гана эмес, сот тарабынан мыйзам бузуунун каралышын талап кылаарын билдирди
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Ташиевдин акталышын гана эмес, ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар жана биринчи инстанциядагы сот тарабынан кетирилген мыйзам бузуулардын каралып чыгышын да талап кылып жатат.
Бул тууралуу 17-августтагы, сот отурумунун алдында журналисттерге билдирди.
Ал Бишкек шаардык соту ишти кароону бир катар мыйзам бузуу менен баштаганын айтып, аны кийин ачыктай турганын билдирди.
Бүгүн, 17-августта, Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча сот иши улантылууда.
13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча аппеляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




