75 адамдын каты: Жогорку Кеңештин төрагасы маалымат берди
- 2 недели мурун
Бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Марлен Маматалиев 75 адамдын кайрылуу каты боюнча маалымат берди.
-Менин биринчи эле иш күнүмдө ал кат кайсы жерде деген аныктама жүргүзгөнбүз. Ал кат дароо эле конституциялык комитетке түшүп, кароого жиберилгени маалым болгон. Биз бир топ убакыттан кийин белгисиз себептер менен, жагдайларды түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз. Менин тескемем менен ички комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка кантип келгенин, кантип конституциялык комитетке түшкөнүн аныктап чыккан. Бүгүнкү күнү ал жыйынтык ИИМге берилген. Тергөө өз жумушун алып барууда. Айтып кете турган нерсе, чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе аны бул жакта кадимкидей күтүп, тосуп алышкан. Алып келген адам бул жерге алып келгенден кийин, билесиздер, процедура боюнча кат өз жолу менен: депутатка болсо, депутатка, төрагага болсо төрагага, айтор өз жолу менен кетет. Бирок эмнегедир, ал катты колу менен алышып, колу менен мурдагы төрагага, жардамчылары алып келет. Андан соң тийиштүү тапшырмалар берилип, комитеттин кароосуна чейин түшөт. Комиссия түзгөнүбүздүн себеби, билесиздер, бизге көп кайрылуу келет, биз ар бир кайрылууну комитетте карабайбыз.
Ошонун алкагында кагаздын жүрүшү боюнча гана комиссия түзүлүп, өзүнүн жыйынтыгы тийиштүү органдарга, ИИМге берилген, тергөө жүрүп жатат. Биз ал жерде кимдин күнөөсү бар, катышы бар-жогу тууралуу жооп бере албайбыз. Биз болгону кат кандай келген, кандай барган, ошону аныктап бергенбиз, калганын тергөө аныктайт,-деди төрага Марлен Маматалиев.
75 адамдын президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылуусунан кийин, массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган беш адам — Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асанов, Аалы Карашев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен, 10-апрелге чейин камакка алынды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кайрылууга кол койгон 75 адамдын арасынан адегенде үч адамды, Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаевди массалык баш аландык уюштурууга шектүү катары кармаган. ИИМ маалыматында кармалгандар Т.Б. , У.Э жана Д.К. деген инициалдар менен берилген.
Андан кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектелип Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалган.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон” деген маалымат тараган. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Кайрылууга кол койгон 75 адам президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөргөн.
Сүрөттө: Марлен Маматалиев. kenesh.kg




