Жарандык коом аял активисттерди камактан бошотуу талабы менен президентке кайрылды

  • 2 года мурун
Жарандык коом аял активисттерди камактан бошотуу талабы менен президентке кайрылды

Жарандык коом массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган аял активисттерди токтоосуз бошотууну талап кылып мамлекет жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Кайрылуу президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге багытталган.

Анда кармалган аял активисттер Кыргызстандын кайдыгер эмес жигердүү жарандары экени жана алардын ар бири жарандык коомдун өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, адам укуктарын, коомдун кызыкчылыгын коргоп келишкени жазылат.

«Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жолугушуусунда катышуучулар тынчтык митинги жөнүндө гана сөз кылышканына ишенебиз. Тынчтык чогулуштары мүнөзү боюнча зордук-зомбулуксуз жана куралсыз болуп эсептелет. Мамлекеттин органдар диний ишенимине, саясий же башка көз карашына карабастан жарандардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун урматтоого жана аны камсыз кылууга, чогулуштун максаттарына жетүү үчүн тоскоолдук кылбоого милдеттүү», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле кайрылууда Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, ар бир жаран өз ыктыяры менен өзүнүн жана коомдун кызыкчылыгын коргоо үчүн комитеттерди, бирикмелерди түзүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.

«Учурда болуп жаткан окуялар жана өлкө жетекчилигинин иш-аракеттери коомдо бөлүнүп-жарылууга, жарандык кагылышууларга, эл аралык коомчулукта өлкөнүн аброюна доо кетириши мүмкүн. Азыркы кырдаалда бийлик менен жарандык коомдун ортосунда тез арада консенсус жана диалог керек», — деп билдиришкен кайрылуу ээлери.

Алар бийлик өкүлдөрүнөн саясий куугунтукту, айыпталуучулардын укуктарынын корголушун жана аял актвисттердин токтоосуз камактан бошотулушун талап кылышты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалып, андан соң Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

29-октярба Бишкектин Биринчи май райондук соту Нарматованы эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды.




Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты