Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү бирге иштешүүдөн баш тартканын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү «өлкөңөр агрессорду колдоду» деген негиз менен бирге иштешүүдөн баш тартканын «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

«Бүгүн Даниядан чалып, ортодогу келишим жокко чыкканын айтышты. Эки жылдан бери пандемиянын айынан иштебей келдик, эми минтип бир канча жылга таптакыр тыюу салып коюшту. «Силердин өлкөңөр агрессорду колдоду. Биз силер менен иштеше албайбыз» деп түшүндүрүштү. Макам үчүн рахмат», — деп жазган бийчи.

1-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуусунда Украинанын Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып аларын айткан. Ал мындай чечимин Кыргызстандын «Украинага агрессияны актагандыгы үчүн” деген жүйө менен түшүндүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты