Кыргызстан ТИМи Европа Биримдигинин санкциясына байланыштуу билдирүү жасады
- 3 недели мурун
- Баяндар
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европа Биримдигинин Россияга каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин өлкөгө карата айланып өтүүгө каршы деп аталган механизмдин колдонулушу тууралуу билдирүүлөрдү өкүнүч менен кабыл алганын билдирди.
“Кыргыз тарап санкциялык чектөөлөргө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу маселелери боюнча Европа Бирлиги менен диалогдо ачык, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилени ырааттуу карманат. Ошондой эле кызыкчылыктарды, ачык-айкындуулукту жана ишенимди өз ара эске алуу зарылчылыгын жетекчиликке алат” деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билдирүүдө Европа Бирлиги Кыргызстан тараптын берген документтерине, кыргыз тараптын позиция эске алынбай жатканын белгиледи:
“Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат” деп айтылат билдирүүдө.
-Мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында калыптанган ишеним атмосферасын солгундатып гана тим болбостон, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасы менен, ошондой эле жалпы Борбордук Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча бир нече жолу билдирген ниеттерине ачык каршы келери өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун нормаларына, ак ниет эл аралык кызматташтык принциптерине туруктуу берилгендигин дагы бир жолу тастыктайт ошондо эле улуттук мыйзамдардын жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринин алкагында так аракеттенет. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу чектөө чараларын колдонуу тажрыйбасына карата тынчсыздануусун билдирет.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасы ачык-айкын, кесипкөй, саясатташтырылбаган диалогду жактайт жана Европа Бирлигин ырааттуу, салмактуу жана чыныгы конструктивдүү мамиле кылууга, кыргыз тараптын позициясын тиешелүү түрдө эске алууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүгө чакырат,- деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Европа Биримдиги Россияга санкциялардын 20-пакетин кабыл алды, бул санкциялар Кыргызстанга да түздөн-түз тиешелүү болду.
Кыргызстан үчүн эми Европа өлкөлөрүнөн санариптик программалык башкаруу жабдууларын жана радиотехникалык жабдууларды экспорттоого чектөө киргизилди.
Комиссия соода маалыматтарын териштирип, Кыргызстан аркылуу Россияга реэкспорт өскөнүн белгиледи. Бул Россиянын Украинага каршы согушуна жардамчы болору айтылды.
Алардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 10 айында Кыргызстанга Европадан импорт Украинага каршы Россиянын согушуна чейинки мезгилге салыштырмалуу дээрлик 800 эсеге өскөнү белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




