«Агрессияны актагандыгы үчүн». Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алат

Киев Кыргызстандагы Украина элчисин жана ошондой эле Грузиядагы элчисин кеңешүүгө чакыртып аларын Президент Зеленский бүгүн, 1-марттагы видео кайрылуусунда билдирди.

Бул Кыргызстандын жана Грузиянын Украина боюнча позицияларына байланыштуу. Кыргызстандын «Украинага агрессияны актагандыгы үчүн” деп билдирди. Ал эми Грузия Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын колдобой турганын айткан.  

Садыр Жапаров Орусиянын Президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазган.

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү: Бишкек жана Москванын маалыматындагы айырмачылыктар тууралуу бул шилтемеде:

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты