Президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлүн дайындоо жарлыгы чыкты
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров экономика жана коммерция министрин Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар же тактап айтканда, санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө жарлыгына кол койду.
Анын максаты Кыргыз Республикасынын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат.
Жарлыкка ылайык, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин өзгөчө тапшырмалар, санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп айкалыштыруу менен дайындалды.
Атайын өкүлгө ушул 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилди.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




