Европа Биримдигинин жаңы санкциясы Кыргызстанга да салынды

  • 3 недели мурун

Европа Биримдиги Россияга санкциялардын 20-пакетин кабыл алды, бул санкциялар Кыргызстанга да түздөн-түз тиешелүү болду.

Кыргызстан үчүн эми Европа өлкөлөрүнөн санариптик программалык башкаруу жабдууларын жана радиотехникалык жабдууларды экспорттоого чектөө киргизилди.       

Комиссия соода маалыматтарын териштирип, Кыргызстан аркылуу Россияга реэкспорт өскөнүн белгиледи. Бул Россиянын Украинага каршы согушуна жардамчы болору айтылды.  

Алардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 10 айында Кыргызстанга Европадан импорт Украинага каршы Россиянын согушуна чейинки мезгилге салыштырмалуу дээрлик 800 эсеге өскөнү белгиленди.

Бир канча жолу сүйлөшүүлөргө карабастан, Кыргызстан реэкспорт боюнча чара көрбөгөнү айтылат.

Кыргызстан Украинага каршы күрөшкө катышпаса дагы, Европа Биримдигинин санкция салынган өлкөлөрүнүн тизмесине кирди.

Евробиримдик жаңы санкция – санкцияны айланып өтүү стратегиясын киргизди. Санкцияны айланып өтүү схемасы биринчи жолу Кыргызстанга колдонулду.

Санкция биринчи жолу Россиянын өзүнө гана эмес, товар жана технология жеткирүү логистикасына да тиешелүү болду.        

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты