Украина менен Орусия делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүсү 2-мартта өтөт

  • 2 года мурун

Украина жана Орусия делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүсү, бүгүн, 2-мартта өтөт. Бул тууралуу Украинанын президенттинин кеңешчис Алексей Арестович брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Украинадан сүйлөшүүгө мурдагы курамдан турган делегация барат.

Сүйлөшүүлөрдүн кайсы убакта жана кайсы жерде өтөрү так маалымдалган жок. Бул жолу дагы сүйлөшүү Белорусияда өтөрү болжолдонууда.

Мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген.

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын биринчи сүйлөшүүсү 28-февралда өткөн.

Ага Украина тараптан «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк, Үч тараптуу байланыш тобундагы украин делегациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костя, депутат Рустем Умеров, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точиский барды.

Орусиянын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Андан тышкары делегациянын курамында тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык саясат боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Орусиянын Белорусияданы элчиси Борис Грызлов бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты