Сот Мелис Аспековду абакта калтыруу чечимин чыгарды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту акча опузалоого жана алдамчылыкка шектелип жаткан активист Мелис Аспековдун ишин карады.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучунун адвокаты Сергей Манукян жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде Аспековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн билдирди.

Жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, кылмышты жасады деп шек саналып кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек.

Мындан тышкары жактоочу соттон айыпталуучунун жүрөгүнө операция жасатканын эске алуу менен соттук-медициналык экспертиза дайындоосун өтүнгөн.

Тараптардын пикирин уккан соң судья жактоочунун арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков жана Улан Жураев 2021-жылдын январында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын тиешелүү адамдарынан 250 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары тааныштырып, ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

Аталган факты боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Улан Жураевди сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир айып тагылган. Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө «Бикард» менчик клиникасында операция жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты