Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуудагы алдамчылык фактысы аныкталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуудагы алдамчылык фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК кызматкерлери  Ысык-Көл облустук ИИБ кызматкерлери менен бирге Чолпон-Ата шаарында 2006-жылы туулган М.Д.С. жана 2005-жылы туулган Ш.И.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандарын кармады.

Аталган жарандар Threads социалдыктармагына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатуу тууралуу жарыя жайгаштырганы,бирок аталган билеттер сатууга арналган эместиги аныкталган.

Жарандардан электрондук которуулар аркылуу акча каражаттарын алгандан кийин, билеттер сатып алуучуларга берилген эмес.

Бул факты боюнча маалыматтарды каттоо журналына  тиешелүү материал катталды

Тергөө иштери улантылууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуудагы алдамчылык фактысы аныкталды
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуудагы алдамчылык фактысы аныкталды

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты