Өзгөндө акча опузалаган жаран кармалды

Өзгөн районунда мурда кылмыш жасап, пробация органынын көзөмөлүндө турган жаран акча опузалоого шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

20-августа Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына 2008-жылы туулган И.З. аттуу жаран Н.Х. аттуу жарандын автоунаада аял киши менен отурган учурун видеого тартып алып, видеону өчүрүү үчүн андан акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө И.З. видеотасманы өчүрүү үчүн Н.Х. аттуу жарандан 20 миң сом талап кылганы аныкталган.

Өзгөн РИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 22-августта И.З. талап кылган акчанын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Өзгөндө акча опузалаган жаран кармалды

Сүрөттөр: Ош ОИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты