Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акча опузалоого айыпталып жаткан активист Мелис Аспековго карата ачылган кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучуга карата дагы бир кылмыш иши ачылганын белгилүү болду. Ага ылайык, Аспеков алдамчылыкка айыпталып жатат.

Мамлекеттик айыптоочунун маалыматына караганда, Аспеков 2016-жылы абакта Салтыханов аттуу адам менен таанышып, андан батир сатып алууга макулдашкан. Бирок батирдин акчасын төлөгөн эмес.

Аспеков өзүнө коюлган айыпты четке кагып, аны «ойдон чыгарылган» деп атады.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков жана Улан Жураев 2021-жылдын январында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын тиешелүү адамдарынан 250 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары тааныштырып, ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

Аталган факты боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Улан Жураевди сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир айып тагылган. Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө «Бикард» менчик клиникасында операция жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты