Курулуш компаниясына $1 млн 200 миңге Бишкектен жер алып берүүнү убадалаган алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) курулуш компанияларынын бирине Бишкек шаарынан 1 млн 200 миң АКШ долларына жер тилкесин алуу маселесин чечүүнү убадалаган алдамчылыкка шектүү эки киши кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, К.У.А. и Б.Т. жабырлануучудан алдын ала 70 миң АКШ долларын жана баасы 15 миң доллар турган KIA K5 унаасын алган. Бирок убадасын аткарбай, алгандарын да кайтарып берген эмес.  

Ал эми жабыр тарткан адамдын убаданы аткаруу же акча менен машинаны кайтаруу талабын К.У.А. менен Б.Т. кулак салбай, жолугушууга барбай, өлкөнүн жетекчилери менен мамилеси бар экенин айтып келишкен.  

Аталган иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде  К.У.А. и Б.Т. аттуу жарандарга кылмыш иши козголду. Алар УКМКнын убактылуу камак жайына киргизилди.  

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты