Шайлообек Атазов Свердлов округу боюнча кайра шайлоого катышат

  • 2 года мурун

4-январга карата Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 14кө жетти.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов дагы бар. Ал №29 Свердлов округунан талапкер болууну көздөөдө.

Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №8 Төлөйкөн округунан талапкерлигин койгон. Бирок аталган округдан талапкер Нурбек Алимбеков жеңип чыккан. Мындан улам Атазов атаандашын добуш сатып алууга айыптаган. Бирок сот Алимбековдун пайдасына чечим чыгарган.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты