Кримтөбөл «Женго» УКМКнын тергөө абагынан бошотулган жок

  • 3 года мурун

«Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов УКМКнын тергөө абагынан бошотулган жок. Бул тууралуу 24.kg басылмасы айыпталуучунун адвокаты Назгүл Сүйүнбаеванын маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, Кадырбек Досоновдун иши боюнча териштирүү аяктаган. Кечээ, 23-декабарда сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

«Кадырбек Досоновду кечээ эле үй камагына чыгарыш керек болчу. Бирок аны азыркы убакка чейин УКМКнын тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат. Бүгүн белгилүү болгондой, прокуратура Досоновду камакта калтыруу боюнча сотко жаңы арыз берген. Менин оюмча, УКМК соттон жаңы токтом келиши үчүн айыпталуучуну тергөө абагынан атайылап чыгарбай жатат», — деп билдирген Назгүл Сүйүнбаева.

Белгилей кетсек, Ош шаардык соту кечээ, 23-декабрда кримтөбөл Кадырбек Досоновду үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Кадырбек Досонов акча адалдоого жана жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга шектелип 2021-жылдын февралында камакка алынган. Айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Досонов ур-токмокко кабылганын айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты