Ош шаардык соту кримтөбөл Кадыр Досоновду камактан бошотуу чечимин кабыл алды

  • 2 года мурун

Ош шаардык соту «Женго» аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду камактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарынындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда Ош шаардык сотунун судьясы Досоновду УКМКнын тергөө абагынан бошотуу тууралуу токтом чыгарган.

Кадыр Досонов акча адалдоого жана жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга шектелип 2021-жылдын февралында камакка алынган. Айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Досонов ур-токмокко кабылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты