Базар-Коргон районунда 70 жаштагы киши 14 жашар небересин зордуктоого шектелүүдө
- 6 месяцев мурун
Базар-Коргон районунда 70 жаштагы киши 14 жашар небересин зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 5-февралда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө 1991-жылы туулган Т.М. арыз менен кайрылган. Анда 1955-жылы туулган М.М. аттуу жаран өзү жашаган үйдө, 2011-жылы туулган М.М. аттуу жашы жете элек небересин зордуктаганын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган маалымат 5-февралда Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси, зордуктоо менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Козголгон кылмыш ишине шектүү катары 2026-жылдын 5-февраль күнү Базар-Коргон районунун 70 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, райондук сот тарабынан эки айга камакка алынган.
Тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ




