Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшууда

  • 3 года мурун

Чүйдүн Сокулук районунда 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту өтүп жатат.

Айылдын тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүү талабын коюшууда. Тургундар эгер алардын талабы аткарылбаса, өздөрү чара көрөрүн билдиришкен.

Айыл тургундарынын айтымында, шектүү зордуктоо фактысы боюнча экинчи ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Алар кан төгүүгө жол бербөө үчүн айыпталуучунун үй-бүлөсү башка жакка көчүп кетиши керек деген пикирде.

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев айыл тургундарын мыйзамды сактоого чакырды.

«Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Айыпталуучу өз жазасын алат. Жакында анын баш коргоо чарасы каралат, биз сиздерге жыйынтыгын айтабыз. Иликтөө процессине эч ким кийлигишпейт. Бул иш өкмөттүн жана президенттин администрациясынын көзөмөлүндө турат», — деди Курбанбек Айтибаев.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты