Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына борбор шаардын Биринчи май районунун аймагында жашыруун жайларга синтетикалык баңгизаттарды катып, сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагынан 2000-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда көк түстөгү таңгактарга салынган, белгисиз заттардан турган 57 даана түйдөкчө табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат каражаты — мефедрон экендиги аныкталган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 141,23 граммды түзгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты