Баңгизат ташып келүүнү уюштурууга шектүүлөр кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан баңгизат каражаттарын, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүгүртүүгө тыюу салынган күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармектерди ташып келүү жана мыйзамсыз жүгүртүү каналын уюштуруу боюнча шектүү катары трансчек аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.   

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган топ бул заттарды Ош шаарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурууга шектелүүдө.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, 4-сентябрда психотроптук заттардын ири партиясын сатуу учурунда кылмыш үстүндө С.у.Н. жана И.М.Х. аттуу кылмыштуу баңгизат тобунун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

УКМК тарабынан кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Баңгизат ташып келүүнү уюштурууга шектүүлөр кармалды
Баңгизат ташып келүүнү уюштурууга шектүүлөр кармалды

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты