Ош шаарында жактоочу 350 миң сом пара опузалоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаарында жактоочу С.Н.С. 350 миң сом пара опузалоого шектүү катары кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга чара көрүү үчүн УКМКга кайрылган. Анда С.Н.С. жактоочу катары милдетин аткарып жатып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, алдамчылык боюнча бир нече кылмыш жасаган деп айыпталган арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу, анын ишенимине кирип, кызмат адамдары, тактап айтканда сот бийлигиндеги адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Ош шаардык сотунда каралган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарууга таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

С.Н.С. пробация түрүндө жаза дайындоого же жашы жете элек баласы бар экендигине байланыштуу аны колдонуу аркылуу кийинкиге калтырууга көмөк көрсөтүү жолу менен жазык иши боюнча маселени оң жагына чечүүнү убада кылып, ал үчүн 350 миң сом талап кылган.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 3-ноябрда шаардык соттун имаратынан акча алгандан кийин жогорудагы адвокат кармалган.

Жеке тинтүүнүн учурунда адвокат алган парасын өз ыктыяры менен берген. Учурда адвокат тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты