Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кармалды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй электр тармактар ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр жана акча каражаттарын мыйзамсыз опузалоого шектелип жатканын билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 70 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча « Чүй электр тармактар ишканасынын сатуу кызматынын Аламүдүн районунун Лебединовка участогунун башчысы Ж.Э.Ж., ошондой эле аталган кызматтын инспекторлору К.А.Ж. жана М.А.М. кармалды.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




