«Дордойдогу» жүк ташыган айдоочулардан акча опузалоого шектүүлөр кармалды

Д.Ж. жана Р.у.А. аттуу жарандар «Дордой» соожа комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташыган айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта Д.Ж. жана Р.у.А. 15 жыл бою системалуу түрдө коркутуу жана басым көрсөтүү аркылуу «Дордой» соода комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражаттарын опузалап келишкени айтылат. Алар жүктүн ар бир баштыгына жана ар бир жүк ташуучу унаа үчүн өзүнчө акча алып турушканы белгиленет.

Ошондой эле, Д.Ж. укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган.          

Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу жана Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы айтылат.   

Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Д.Ж. жана Р.у.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты