Россияда Кыргызстандын жаранын уурдап, чоң акча опузалагандар Екатеринбургдан кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Россиядагы өкүлчүлүгү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Россия укук коргоо органдары тарабынан биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында акча опузалоого жана адам уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.  

ИИМдин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, өзүн коркутуп, ири суммадагы акча талап кылып жатышканын билдирген.

Маалымат Свердлов облусу боюнча Россиянын ИИМинин башкы башкармалыгынын ыкчам бөлүмдөрүнө берилип, андан соң биргелешкен ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулган.

5-августта белгисиз адамдар жабырлануучуну уурдап кетишкен. Атайын операциянын жүрүшүндө Россиянын полиция кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабырлануучунун турган жерин аныктап, аны бошотушкан. Ошондой эле 1993-жылы туулган У.М. жана 1993-жылы туулган Т.О. аттуу эки шектүү кармалган.

Россия укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты