Тигүү цехин пайдаланууга берүү актыларын даярдоого байланыштуу коррупциялык схема ачыкталды

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик-архитектуралык курулуш көзөмөлү башкармалыгында жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча өрт көзөмөлү кызматынын башкармалыгында объекттерди пайдаланууга берүү актыларын даярдоого байланыштуу мыйзамсыз акча алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаары боюнча инспектор А.Т.Д. жана өрт көзөмөлү кызматынын башкармалыгынын улук инспектору С.М.А. өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында тигүү цехин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушкан. Натыйжада А.Т.Д. тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн КР жаранынан 2000 АКШ долларын опузалап алган.

Өз кезегинде С.М.А. кол койгондугу үчүн Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң которууну талап кылган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 5-ноябрда акча алып жаткан жеринен А.Т.Д. жана С.М.А. кармалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.    

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты