Дастан Бекешевдин жардамчысы УКМКга суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жардамчысы Азамат Сабырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы Бекешевдин сөзүнө таянып жазды.

Бекешевдин айтымында, Азамат Сабырбеков суракка 16-ноябрда «Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» беренеси боюнча Бекешевге карата ачылган ишке байланыштуу чакырылган.

Атайын кызмат ал иште Бекешев үгүтчүлөргө төлөгөн акча шайлоо фондунан бөлүнгөн эмес, ошондой эле үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырган болушу мүмкүн экенин билдирген.

Мындан сырткары укук коргоочу Динара Ошурахунова «Твиттердеги» баракчасында Сабырбеков УКМКдан расмий чакыруу келгенде гана суракка барарын айтканын жазган.

«Бирок УКМКнын [кызматкерлери] азыр келсин деп жатат же жардамчысынын атасынын жумушуна барып, аны менен чогуу баласын суракка алып келүүгө жөнөп кетишкен! Мен азыр адвокаттарга телефон чалып жатам».

Дастан Бекешев 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан катышып жатат.

15-ноябрда Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 3 сааттан ашык сурап берип чыккан. Ал суракка шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу чакырылганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты