«Мекенчил эл» партиясынан депутаттыкка талапкер добуш сатып алууга айыпталууда

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна «Мекенчил эл» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Төлөбек Өмүрзаковдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы жөнүндө арыз түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, Өмүрзаков «Манастын уулу Семетей» тасмасынын режиссеру.

БШКга келип түшкөн маалыматка ылайык, Өмүрзаков жердештерин борбор калаадагы чайханалардын бирине аталган тасманы көрүүгө чакырган. Андан соң конокторго сый тамак берилген.

Арыздын ээси талапкерди добуш сатып алууга айыптаган. Учурда аталган маалымат Ички иштер министрлигине (ИИМ) текшерүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Бул жолу шайлоо адаттагыдан айырмаланып аралаш система боюнча өтөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты