Парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди. Жарлыкка президент кол койду

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Президент Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт.

Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты