Шайлообек Атазов кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Шайлообек Атазов 27-февралда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирди.

Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап жатат.

«Кечээ шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына, серверге эч кандай кинебиз жок. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бирок талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Ага видео далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинен жооп күтүп жатабыз. БШК чечим кабыл алыш керек».

21-февралда Бишкек шаардык милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген. Муртазалиев милиция кармаган үгүтчүлөрдү тааныбай турганын, ал атайын уюштурулган чагым болгонун айткан.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Белгилей кетсек, Шайлообек Атазов 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого №8 Төлөйкан шайлоо округунан катышып, атаандашы Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты