Талапкер Улан Сариев УКМКнын айыптарын четке какты

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) добуш сатып алуу боюнча айыптарын четке какты.

Сариев атайын кызматтын билдирүүсү боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди.

“Кечээ мурун ижарага алган штабдарымда тинтүү жүргүздү. Үгүт материалдарды, техникаларды алышты. Үй комитети арыз жазыптыр, бир жашоочу аларды “балдар аянтчасын салып берет, ошого шайлагыла деп жатат” деп. Ал үйгө мен жолугушууга баргам. Алар жеке көйгөйлөрүн айтып берди. Мен бул жерди оңдоп, балдар аянтчасын салып берүү Жогорку Кеңештин жумушу эмес дедим. Бирок, бул көйгөйдү дагы жоюш керек. Шайлоодон кийин кайрылгыла, карап көрөм дегем. “Балдар аянтчасын салып берем дегенсиң, бул добуш сатып алуу” деп жатышат” деди Сариев.

Улан Сариев 31-майда атайын кызматка сурак берип чыкканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шек саналып жатканын кабарлады.

Атайын кызмат «төгүндөлгүс далилдер алынганын» жана чогултулган материал Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн билдирди. Талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалышкан. 30-майга караган түнү милиция анын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазмадан соң козголгонун билдиришкен.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты