Дагы бир талапкер шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелүүдө

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер С.У.А.га кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди

С.У.А- деп кыскартылып берилген ысым талапкер Сариев Улан Алмасбековичке таандык болуп чыкты. (-ред.)    

Маалыматта айтылгандай, парламент депутаттыгына аталган талапкер  жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү далилдер алынды.

Учурда УКМК тергөө иш-чаралары улантып, материалдар БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалышкан. 30-майга караган түнү милиция анын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазмадан соң козголгонун билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты