Жогорку сот БШКнын Талант Мамытовго байланыштуу арызын артка кайтарды

  • 2 года мурун

Жогорку сот «Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Ынтымак» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовдун тизмеге кошулуусуна байланыштуу берген арызын артка кайтарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт.

«БШКнын арызына 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде Кутбердиеванын өкүлү кол койгон. Бирок, ишеним кат тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондуктан анын аныктыгын тактоо жана далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес», — деп белгиледи сот.

Эске сала кетсек, 24-октябрда БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин жокко чыгарган. Андан соң БШК Жогорку сотко арыз жолдогон.

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты