БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылат

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин административдик сотунун төрага Талант Мамытовду талапкерликке каттоо боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматовдун сөзүнө таянып жазды.

Эске салсак, 28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган.

24-октябрда БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими «өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, «Ынтымак» партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты