Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө

  • 2 года мурун

25-октябрь саат 14:30га карата тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 118ге жетти.

Маалым болгондой, темир жол ооруканасына 98, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 13, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 жана Жайыл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна 5 бейтап кайрылган.

Алардын ичинен оноо темир жол ооруканасына, 13 бала Шаардык балдар ооруканасына жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы туруктуу. Калган бейтаптар алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 25-октябрдын таңына карата тамак-аштан уулануу белгилери менен темир жол ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө 85 адам кайрылган.

Бейтаптар «Империя пиццы» тамактануу жайынын шаардын ар кайсы бурчунда жайгашкан төрт түйүнүнөн суши буюртма кылып жешкенин айтышкан.

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев уулануунун себептери аныкталганга чейин Империя пиццы» тамактануу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты