«Империя пиццы» тамактануу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды

  • 2 года мурун

«Империя пиццы» тамактануу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

«Бүгүн массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн кафенин 17 түйүнүн убактылуу жаптык».

Эске сала кетсек, акыркы 2 күн аралыгында тамак-аштан уулануу белгилери менен темир жол ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө 85 адам кайрылган. Алардын бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бейтаптар «Империя пиццы» тамактануу жайынын шаардын ар кайсы бурчунда жайгашкан төрт түйүнүнөн суши буюртма кылып жешкенин айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты