Тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетти

  • 2 года мурун

26-октябрь саат 11:00гө карата тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, уулануудан жабыркагандардын 18и балдар.

Министрлик билдиргендей, учурда 50 бейтап ооруканада дарыланып жатат, калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жешкенин билдиришкен. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө бүткөнчө кафени убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты