Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 85ге жетти

  • 2 года мурун

25-сентябрь саат 07:30га карата тамак-аштан уулануу белгилери менен темир жол ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө кайрылгандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрлик билдиргендей, учурда бир бейтап стационардык дарылануудан өтүп жатат. Калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, буга чейин 12 адамдын сушиден ууланып, ооруканага кайрылганы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, алар сушини «Империя пиццы» тамактануу жайынан буюртма кылышкан.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери иликтөөнү улантып жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты