Бишкектеги жапырт ууланууга балыктагы «сальмонелла» вирусу себеп болгон

  • 2 года мурун

«Империя пиццы» кафесиндеги жапырт ууланууга лосось балыгындагы «сальмонелла» вирусу себеп болгону аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашевдин маалыматына таянып жазды.

«Уулануу катталгандан кийин биз «Империя пиццы» кафесинин бардык тамактануучу түйүндөрүнүн ишин токтотуп, андагы азык-түлүктөрдүн үлгүлөрүн лабораториялык иликтөөгө алганбыз. Натыйжада лосось балыгынан ичеги ооруларын козгоочу «сальмонелла» вирусу аныкталды».

Белгилей кетсек, «Империя пиццы» кафесинин тамагынан ууланганын айтып 318 адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен 40тан ашыгы балдар. Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафенин бардык түйүндөрүн убактылуу жапкан. Азык-түлүк лабораториялык изилдөөгө алынган.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борбору кафенин төрт тамактануу түйүнүнө «санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузганы үчүн» жалпы 36 миң сомдук айыппул салды.

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул окуядан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланды.

30-октябрдан тартып кафе кайрадан өз ишин баштаганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты