Республика боюнча бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат

  • 2 года мурун

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объекттерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынып салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз-кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы “Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу (мораторий) салуу жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

«Бишкекте орун алган жапырт ууланууга байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлордун адистери республика боюнча бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерүүгө алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы 2 күн аралыгында тамак-аштан уулануу белгилери менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 118 адам кайрылган. Алардын ичинен 23 бейтап стационардык дарылануудан өтүүдө. Калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бейтаптар «Империя пиццы» тамактануу жайынын шаардын ар кайсы бурчунда жайгашкан төрт түйүнүнөн суши буюртма кылып жешкенин айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты