«Империя пиццы» тамак-аш түйүндөрүнөн уулангандардын саны көбөйдү

  • 2 года мурун

“Империя пиццы” тамак-аш түйүндөрүнөн тамак-ашка ууланып, Бишкек жана Чүй облусунун саламаттык сактоо мекемелерине кайрылган жарандардын саны 253кө жетти.    

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.     

Учурда 60 киши ооруканада дарыланып жатат.  

“Империя пиццы” тамактануу түйүндөрү  убактылуу жабылды жана текшерилүүдө.  

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объекттерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынып салынды. 

«Империя пиццы» тамактануучу жайындагы жапырт уулануу фактысы боюнча аталган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан аталган жайдын администрациясына беш протокол түзүлүп, 30 500 сом айып пул чегерилди.

Бишкек шаардык санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, 22-23-октябрда тамак-ашка ууланып жабыркагандар ар кайсы түйүндөн “Империя пиццы” тамактануу жайынан суши, роллы жешкен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты