«Империя пиццы» кафесиндеги жапырт уулануу боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Империя пиццы” тамактануу жайынын тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан ууланган адамдар боюнча тийиштүү маалыматтарды Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергени маалым болду.

29-октябрга карата «Империя пиццы» кафесинин тамагынан ууланганын айтып, ооруканага кайрылгандардын саны 318 жетти. Алардын ичинен кыркка жакыны балдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты