Сасык тумоо күч алгандыктан Бишкекте балдар үчүн убактылуу стационар ачылды

  • 2 года мурун

Балдар арасында сасык тумоонун күч алганына байланыштуу 22-октябрдан тартып Республикалык дартты аныктоо борборунда кошумча стационар иштей баштайт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу стационарга орто абалдагы балдар жаткырылат.

Бишкектеги «Тез жардам» кызматы курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция күчөп, ыкчам жардам сурап кайрылгандардын саны суткасына 700гө жетип жатканын маалымдады. Бул мурунку убактарга караганда тең жарымына көп. Ооругандардын басымдуу бөлүгү балдар.

«Тез жардам» кызматы бул кадимки сасык тумоо экенин билдирүүдө.

Өткөн аптадан тартып Бишкектеги бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштей баштаган. Буга балдар ооруканаларына кайрылгандар өскөнү себеп болгон.

Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар көбөйгөн. Оорулардын алдын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына караганда, учурда тумоологондордун 94%ы 14 жашка чейинкилер болууда.

Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Расмий эсепте, алардын 32 миңдейи балдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты