Балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекция көбөйдү

  • 3 года мурун

Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматы боюнча, акыркы жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар(КРВИ) менен ооругандар көбөйүүдө.

Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

 Анын айтымында, 2021-жылдын 11-октябрынан 17-октябрына чейинки мезгилде 2415 КРВИ катталса, өткөн жылдын ушул мезгилине — 1027 КРВИ катталган.

Шамырканова айткандай, балдар арасында КРВИ оорусунун көбөйүшү  аба ырайынын суук боло башташы менен да белгиленет. Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана ҮМБда акыркы жумада КРВИ боюнча кайрылуулардын 26,5%га өсүшү байкалган.

Анын айтымында, акыркы жумада, 2021 -жылдын 12 -октябрынан 18 -октябрына чейин 1761 бала шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын соматикалык бөлүмүнө кайрылышкан, анын ичинен 729 бала (41,4%) КРВИ симптомдору менен, 54 бала ооруканага жаткырылган, анын ичинен 27 бала КРВИ симптомдору менен, Пневмония менен 16 бала, 11 бала  курч ичеги инфекциялары менен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты