№26 Ленин шайлоо округу: Шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланды

  • 1 год мурун

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталына “Тизме»: шилтеме — tizme.gov.kg. жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмелери 2022-жылдын 11-апрелинде басылып, 51 шайлоо участогуна илинет.

№26 Ленин шайлоо округу боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 124 702.

БШК 17-майга чейинки мөөнөттө шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактоону суранат.  

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 17-майга чейин сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан талапкер болуу арызын 15 адам жазды.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты