№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: 25 талапкер катталды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо ат салышуу үчүн 25 талапкер каттоодон өттү.

Чүчүкулактын негизинде талапкерлердин аты-жөнү шайлоо бюллетенине мындай тартипте жайгаштырыларын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди;

1. Искаков Эртай 

2. Искендеров Жеенбек

3. Балтабаев Абдивали

4. Ажыбеков Руслан

5. Кадыралиева Ыргал

6. Мамаев Сулайман

7. Шаршембиев Бакыт

8. Рысалиев Бактыбек

9. Какчекеев Токтогул

10. Тагаев Русланбек

11. Аттокур уулу Илимбек

12. Кермалиев Таалайбек

13. Эсенаманов Мурат

14. Булекбаев Эркин

15. Мамытов Токтокучук

16. Ырсалиев Жамалбек

17. Аднаева Нургүл

18. Алмаз уулу Аскар

19. Капаров Чынгыз

20. Сооронбаева Нургүл

21. Исмаилова Карачач

22. Саралаева Лейла

23. Субанов Айбек 

24. Бакир уулу Турсунбай

25. Самаков Кубанычбек.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты