ЖМК: Аскар Акаев «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна бир миллион сом которду

  • 3 года мурун

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна бир миллион сом которду. Бул тууралуу Kaktus.media өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Акаев президент Садыр Жапаровдун борбордун курулушун аяктоо демилгесин колдоп, Илимий уюмдардын федералдык агенттигинен 2021-жыл үчүн алган илимий грантынан 1 миллион сом которгон.

Белгилей кетсек, “Алтын балалык” борборун Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен соң борбор Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарында реабилитациялык борбордун курулушун аяктап, ишке киргизүү үчүн каражат топтоо максатында кайрымдуулук марафону уюштурулду. Марафондун ачылышына мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышып, президенттин резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп бергени белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты