«Алтын балалык» реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн кайрымдуулук марафону өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өтүп жатат. Марафондун ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, Мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө борборду быйыл март айында көрүп келгенин, курулушун аяктоону жана пайдаланууга берүүнү тапшырганын билдирди.

“Араб өлкөлөрүнүн Кыргызстанда ачылган фонду бир блогун бүтүрүп берип жатышат. Дагы бир блогун “Кумтөр” ишканасы бүтүрүп берүүдө. Бүгүнкү марафонду уюштуруп, өзүбүздүн да мекенчил балдар-кыздарыбыздын, инсандарыбыздын жардамын сурайлы деп уюштуруп жатабыз”, — деди ал.

Марафондон түшкөн акча жетпесе республикалык бюджеттен каражат бөлүнөрү, борбор келерки жылдын 1-июнунда Балдар күнүнө карата пайдаланууга берилери, Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да бейтаптарды, эс алуучуларды кабыл алууга шарт түзүлөрү белгиленди.

Жапаровдун айтымында, бул борбор 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен.

Жапаров 2012-жылы ошол кездеги бийлик борбордун аталышын “Өмүр булагы” деп өзгөрткөнүн, бирок курулушун аягына чыгарбаганын айтып, аталышын кайра “Алтын балалык” бойдон калтыруу тапшырмасын бергенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты